1. Тиричиликке колдонулуучу ар кандай нерсе, мүлк, эмерек. Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңдолот (Осмонкул). Касиет өгөө буюмду Атакем берди, мен алдым («Эр Төштүк»).2. Кандайдыр бир нерсенин анчалык мааниси жок экендигин же иштелүүчү иштин өтө оңой, жеңил экендигин билдирүүдө колдонулат. Бирөө эмес, миңи айтса да, ал үчүн буюм эместей (Байтемиров).
БУЮМ ДАЛИЛ (АЙГАК БУЮМ) – эгер кылмыш куралы катары кызмат өтөгөндүгүнө негиз бар болсо же ал өзүнө кылмыш изин калтырса же кылмыш аракетинин объектиси болсо, ошондой эле кылмышты ачуу, иш жагдайын аныктоо, күнөлүүнү табуу же күнөлөөнү жокко чыгаруу же жоопкерчилигин жумшартуу каражаты катары кызмат кылган акча, буюм, документ сыяктуу баалуулуктар кылмыш-жаза процессинде айгак буюм катары таанылат.
вещественные доказательства
БУЮМ ЖАЙГАШКАН ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex rei sitae ) – эларалык жеке укуктун тажрыйбасында калыптанып калган эң алгачкы байламтанын (бекитүү тартибинин) бири. Жарандык мамилелердин объектиси болуп эсептелинген буюм, ал жайгашкан аймактагы мамлекеттин укугу колдонула тургандыгын билдирет. Б. ж. ж. м. бийлик кылып турган улуттук укук тарабынан бекитилбеген учурда да колдонулат (эларалык салт боюнча).
БУЮМ КРЕДИТИ – кандайдыр бир буюмду күрөөгө коюу аркылуу кредит берүү.
БУЮМ УКУГУ – 1) багыты буюм болгон субъективдүү жарандык укук. Б. у-на ээ жак аны башка (милдеттүү) жактардын жардамысыз эле өзалдынча ишке ашырат. Буюмдун ээси ага мыйзамда белгиленген чектерде, өзү каалагандай ээлик кылат, аны каалагандай тескейт жана пайдаланат; 2) жарандык укуктун негизги бөлүктөрүнүн бири; субъективдүү менчик укугун ж. б субъективдүү Б. у-н жөнгө салуучу ченемдердин жыйындысы.